Баары Chevrolet жөнүндө
Кардарларды тейлөө кызматы
Chevrolet - бул дүйнөлүк автоиндустриянын лидерлеринин бири, ага 100 жылдан ашуун убакыттан бери ишенип келишет. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 200 миллиондон ашык Chevrolet автомобилдери сатылды жана алардын ар бири ишенимдүүлүктүн жана жеткиликтүүлүктүн символу болуп калды.
Кыргызстанда расмий дистрибьютор — Tulpar Motors компаниясы. Биз шаардык саякаттардан баштап үй-бүлөлүк саякаттарга чейин, ар кандай максаттарга ылайыктуу автомобилдерди сунуш кылабыз.
Ыңгайлуулугу, заманбап дизайны жана сатып алуунун ыңгайлуу шарттары үчүн Chevroletти 1500дөн ашуун кыргызстандыктар тандап алышты.
Кыргызстанда Estocada (Бишкек ш.) жана AutoMall (Ош ш.) расмий ортомчу (дилердик) борборлору иштейт — аларда Chevrolet брендинин автомобилдеринин бардык үлгүлөрү сунушталат жана өлкө боюнча тейлөөнүн жогорку стандарты камсыздалган заманбап автоборборлор.
Бул жерде Сиз:
Кыргызстандагы Chevroletтин бардык кардарлары автомобилди тандоодон баштап, техникалык коштоого чейин толук тейлөө циклин алышат. Биз бардык авто борборлорубузда сапаттын бирдиктүү стандарттарын сактоо менен, өзүлүк (оригинал) тетиктерди гана колдонобуз жана бардык автомобилдерге кепилдик беребиз.