Баары Chevrolet жөнүндө
Кардарларды тейлөө кызматы
Chevrolet Damas — маневрдүүлүк, компакттуу өлчөм жана үнөмдүүлүк маанилүү болгон бизнес үчүн ишенимдүү өнөктөш. 103 ат күчүнө ээ 1.5 литрлик кыймылдаткыч менен жабдылган бул беш эшиктүү коммерциялык унаа шаар ичинде да, шаар сыртындагы жолдордо да өзүн ишенимдүү алып жүрөт.
Модель эки практикалык вариантта чыгарылат:
Жүргүнчү версиясы: үч катар орундук (2+2+3) — кызматкерлерди же чакан топторду ташуу үчүн ыңгайлуу.
Жүк ташуучу версиясы: 650 кг чейин жүк көтөрүмдүүлүккө ээ фургон кузову — жеткирүү кызматтары жана күнүмдүк логистикалык иштер үчүн мыкты тандоо. Арткы жетектөөчү система жана компакттуу өлчөмдөрүнүн аркасында Damas шаардагы тыгыз кыймылда оңой башкарылат.
Күйүүчү май чыгымы: айдоо шарттарына жараша 6,5 л/100 кмден баштап.
Chevrolet Damas — бул жүктү оңой жүктөө, үнөмдүүлүк жана тейлөөнүн ыңгайлуулугу. Чакан бизнес, курьердик кызматтар жана жеке ишкерлер үчүн идеалдуу чечим.
Сайтта көрсөтүлгөн кузовдун кошумча түстөрү болжолдуу жана автомобилдин чыныгы түсүнөн бир аз айырмаланышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн техникалык мүнөздөмөлөр Сиздин Chevroletтин мүнөздөмөлөрүнөн айырмаланышы мүмкүн. Жабдылуулар, техникалык параметрлер, түстөрдүн мүмкүн болгон айкалыштары, ошондой эле автомобилдердин жана тейлөөнүн баалары жөнүндө жайгаштырылган бардык маалымат маалыматтык гана мүнөзгө ээ жана эч кандай жагдайларда жалпы-жарыя болуп саналбайт.
Сайтта жарыяланган учурда жеткиликтүү болгон эң толук жана актуалдуу маалымат камтылган. Tulpar Motors компаниясы каалаган убакта алдын ала эскертүүсүз өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун, анын ичинде жабдуулардын сүрөттөмөсүн өзгөртүү, себилдигин, техникалык мүнөздөмөлөрүн, модельдик катарын жана продукциянын жеткиликтүүлүгүн, өзүндө калтырат. Келтирилген техникалык маалыматтар (тыш өлчөмдөрдү жана башка сандык көрсөткүчтөрдү кошо алганда) прототиптерди иштеп чыгуу жана лабораториялык сыноо учурларынын этаптарында алынган маалыматтарга негизделген. Абдан так маалыматтарды алуу үчүн Кыргыз Республикасындагы Chevroletтин расмий ортомчуларына кайрылыңыз.
Эскертүү: сайтта сүрөттөп көрсөтүлгөн айрым сүрөттөрдөгү автомобилдер кошумча (опциялык) жабдуулар менен жабдылышы мүмкүн.
Chevrolet автомобилдери жана алардын компоненттери General Motors”тун, Tulpar Motors”тун ар кайсы бөлүмдөрү, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү өнөктөш ишканалар жана жеткирүүчүлөр тарабынан чыгарылат же чогултулат. Зарыл болгон учурда компания автомобилдерди алгач билдирилгендерден айырмаланган түйүндөр жана тетиктер менен жабдууга укуктуу.
Кыргызстандагы Chevrolet компаниясынын расмий ортомчуларынан сатып алууну тариздөөнүн алдында, тандалган автомобилиңиз тууралуу актуалдуу маалыматты, анын ичинде так мүнөздөмөлөрдү, функцияларды калыбына келтирүү жана кошумча жабдууларды орнотуу мүмкүнчүлүгүн тактап алыңыз.
Актуалдуу нарктар, жабдылышы, техникалык мүнөздөмөлөрү жана автомобилдердин бар экендиги жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн Chevrolet”тин расмий ортомчуларына кайрылыңыз.