Кеңеш алуу

Chevrolet Onix

1 489 200 сомдон баштап
1,2 л, Турбо бензин
Кыймылдаткыч
6АТ
Кыймыл берүү коробкасы
469 литр
Жүк салгычтын көлөмү
90 - 132 аттын күчү
Кубаттуулук

Chevrolet Onix – керектүү нерселердин баары бир автомобилде

Ойлонулган дизайны, ыңгайлуу салону жана шаарда жана чоң жолдо колдонууга ылайыктуу жабдуусу бар универсалдуу седан.

Onix - бул сырткы көрүнүшүнүн, технологиянын жана ээлик кылуунун наркынын ортосундагы адилеттүү тең салмактуулук

Ал ыңгайлуу, ишенимдүү жана жеткиликтүү — ашыкча төлөмдөрсүз жана компромиссиз.

Өз түсүңүздү тандаңыз
* Түстөрдүн бар-жогун Ортомчуңуздан тактаңыз.
1

Кредитти эсептөө

Жабдуулардын тизмеси

PREMIER 2 TURBO AT
  • Айдоочу көрө албаган айланадагы мейкиндикти көзөмөлдөө
  • Климаттык контроль
  • Белгиленген кыймыл ылдамдыгын сактоо
  • Капталдагы коопсуздук жаздыктары
  • Зымсыз кубаттагыч түзмөгү
  • Арткы көрүнүш камерасы
  • Арткы терезден көрүүнү жылытуу
  • Алдыңкы отургучтарды жылытуу
  • 16 дюймдук куйма дисктер
  • Түстүү сенсордук 8” дисплейи бар аудиосистема
  • Жарым автоматтык токтотмо системасы
  • Арткы жарык берүүчү диоддук жарыктар
LT2 TURBO AT
  • Белгиленген кыймыл ылдамдыгын сактоо
  • Зымсыз кубаттагыч түзмөгү
  • Кол менен башкарылуучу кондиционер
  • Электр люгу
  • Алдыңкы отургучтарды жылытуу
  • Жарык билдиргичи
  • Артты көрүү үчүн камера
  • Ачкычсыз салонго кирүү
  • Кыймылдаткычты ачкычсыз от алдыруу
  • 15 дюймдук куйма дисктер
  • Түстүү сенсордук 8” дисплейи бар аудиосистема
  • Арткы токтотмо билдиргичи

Chevrolet Onix жаркыраган сырткы келбетти, кылдаттык менен иштелип чыккан ички жасалганы жана коопсуздук менен ыңгайлуулук үчүн керектүү нерселердин бардыгын айкалыштырат.

Динамикалуу дизайн жана заманбап технологиялар орто класстагы автомобиль кандай болушу мүмкүн экенине болгон түшүнүктү өзгөртөт.

Onix стилдүү жана функционалдуу автомобиль сөзсүз түрдө кымбат болушу шарт эмес экенин далилдейт.

Компромиссиз жарык берүү

Компромиссиз жарык берүү

Жолдо күнү-түнү көзгө көрүнө тургандай болуңуз. Жүрүп бараткандагы cветодиоддук жарыктар, кубаттуу прожекторлор жана арткы чырактар стилди гана баса белгилебестен, коопсуздукту да камсыз кылат.

Система күүгүм киргенде фараларды автоматтык түрдө күйгүзөт - караңгыда да эч нерсени өткөрүп жибербейсиз.

Өзү эле айтып турган стиль

Өзү эле айтып турган стиль

Onix жөн гана заманбап көрүнбөйт – анын дизайны мүнөздү баса белгилейт. Жыйнактуу формалар, жарык диоддук элементтер жана жакшы ойлонулган сызыктар жолдо таанымал көрүнүштү жана ишенимди жаратат.

Бирок сырткы жасалга — сырткы көрүнүш гана эмес. Кенен жүк салгыч жана функционалдуу бөлүктөр, Onixти шаар ичинде жүрүүдө же шаар сыртындагы сапарларда да күнүмдүк ишенимдүү шерик кылат.

Ар дайым көрүүгө мүмкүндүк жана коопсуздук

Ар дайым көрүүгө мүмкүндүк жана коопсуздук

Onix фаралары жөн гана жарык эмес, бул кандай гана кырдаалда болбосун ишенимдүүлүк.

Жүрүп бараткандагы cветодиоддук күндүзгү жарыктар жана Follow Me Home функциясы менен галогендик фаралар, автомобилди сутканын кайсы убагында болбосун көрүнүктүү жана оңтойлуу кылат.

Жарык берүү технологиялары стилди гана баса белгилебестен, коопсуздукту да жогорулатат: сиз рулда өзүнүздү ар дайым ишенимдүү сезишиңиз үчүн күүгүм киргенде система жарыктарды автоматтык түрдө күйгүзөт.

ЖАҢЫЛАНГАН ИЧКИ ЖАСАЛГА

ЖАҢЫЛАНГАН ИЧКИ ЖАСАЛГА

Баары кол алдыңызда - ашыкча эч нерсе жок.

Chevrolet ONIXте ички жасалгасынын ар бир бөлүгү, текстураланган жасалгадан тартып башкаруунун эргономикалык элементтерине чейин ойлонулган.

Заманбап дизайн, жайгаштыруунун ыңгайлуулугу жана кыймылдаткычты сенсордук иштетүү баскычы, ар бир сапарды биринчи секундадан баштап эле ыңгайлуу кылат.

Технологиялык мейкиндик – бардыгы майда-чүйдөсүнө чейин ойлонулган

Технологиялык мейкиндик – бардыгы майда-чүйдөсүнө чейин ойлонулган

Борбордук консоль майда-чүйдөсүнө чейин ойлонулган: ыңгайлуу жайгаштырылган башкаруу элементтери жана зымсыз кубаттоо рулда максималдуу ыңгайлуулукту камсыздайт. Керектүүнүн баары — кол алдыңызда.

Санариптик башкаруу борбору

Санариптик башкаруу борбору

Мультимедиа экраны жөн гана стилдүү элемент эмес, ошондой эле автомобилдин системасын башкаруу борбору.

Интуитивдик интерфейс жана жогорку тактык болгондуктан, ар бир сапар ого бетер ыңгайлуу жана коопсуз болуп калат.

chevrolet onix interior 360°

АВТОМОБИЛЬ ЖӨНҮНДӨ ТОЛУГУРААК БИЛҮҮ

Сайтта көрсөтүлгөн кузовдун кошумча түстөрү болжолдуу жана автомобилдин чыныгы түсүнөн бир аз айырмаланышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн техникалык мүнөздөмөлөр Сиздин Chevroletтин мүнөздөмөлөрүнөн айырмаланышы мүмкүн. Жабдылуулар, техникалык параметрлер, түстөрдүн мүмкүн болгон айкалыштары, ошондой эле автомобилдердин жана тейлөөнүн баалары жөнүндө жайгаштырылган бардык маалымат маалыматтык гана мүнөзгө ээ жана эч кандай жагдайларда жалпы-жарыя болуп саналбайт.

Сайтта жарыяланган учурда жеткиликтүү болгон эң толук жана актуалдуу маалымат камтылган. Tulpar Motors компаниясы каалаган убакта алдын ала эскертүүсүз өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун, анын ичинде жабдуулардын сүрөттөмөсүн өзгөртүү, себилдигин, техникалык мүнөздөмөлөрүн, модельдик катарын жана продукциянын жеткиликтүүлүгүн, өзүндө калтырат. Келтирилген техникалык маалыматтар (тыш өлчөмдөрдү жана башка сандык көрсөткүчтөрдү кошо алганда) прототиптерди иштеп чыгуу жана лабораториялык сыноо учурларынын этаптарында алынган маалыматтарга негизделген. Абдан так маалыматтарды алуу үчүн Кыргыз Республикасындагы Chevroletтин расмий ортомчуларына кайрылыңыз.

Эскертүү: сайтта сүрөттөп көрсөтүлгөн айрым сүрөттөрдөгү автомобилдер кошумча (опциялык) жабдуулар менен жабдылышы мүмкүн.

Chevrolet автомобилдери жана алардын компоненттери General Motors”тун, Tulpar Motors”тун ар кайсы бөлүмдөрү, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү өнөктөш ишканалар жана жеткирүүчүлөр тарабынан чыгарылат же чогултулат. Зарыл болгон учурда компания автомобилдерди алгач билдирилгендерден айырмаланган түйүндөр жана тетиктер менен жабдууга укуктуу.

Кыргызстандагы Chevrolet компаниясынын расмий ортомчуларынан сатып алууну тариздөөнүн алдында, тандалган автомобилиңиз тууралуу актуалдуу маалыматты, анын ичинде так мүнөздөмөлөрдү, функцияларды калыбына келтирүү жана кошумча жабдууларды орнотуу мүмкүнчүлүгүн тактап алыңыз.

Актуалдуу нарктар, жабдылышы, техникалык мүнөздөмөлөрү жана автомобилдердин бар экендиги жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн Chevrolet”тин расмий ортомчуларына кайрылыңыз.