Мамлекеттик «Улуттук авто» программасы — жылдык 8% менен жеңилдетилген автокредит
Ата мекендик өндүрүштөгү автомобилдер үчүн ("ДТ Техник" ЖЧКсы) автокредиттөөнүн мамлекеттик жеңилдетилген программасы Айыл банк жана Элдик банк мамлекеттик банктары аркылуу пайдалуу шарттарда жана мамлекеттик колдоо менен техниканы сатып алууга мүмкүндүк берет.
Негизги шарттар:
- Чени: жылына 8 %
- Мөөнөтү: 60 айга чейин
-
Кредит боюнча камсыздоо:
- 20% баштап баштапкы төгүм менен 3 000 000 сомго чейин, күрөө – автомобиль
- 30% баштап баштапкы төгүм менен 3 000 001 сомдон баштап, күрөө – автомобиль
- Камсыздандыруу: милдеттүү түрдө кредиттин бүткүл мөөнөтүнө (жоготуу, уурдалуу, жол кырсыгы ж.б. тобокелдиги)
- Төлөмдөрдүн графиги: аннуитеттик же бирдей үлүштөр менен
- Жеңилдетилген мезгил: каралган эмес
Программа кандай иштейт:
- Сиз программага кирген Chevrolet моделдеринин тизмесинен автомобилди тандайсыз
- Автосалондо же банктын бөлүмүндө өтүнмө толтурасыз
- Өтүнмө жактырылгандан кийин сатып алуу жана кредит таризделет.
Артыкчылыктар:
- Мамлекеттик колдоо ченди 8 % га чейин төмөндөтөт
- Кредитти 5 жылга чейин алуу мүмкүнчүлүгү
- Chevroletтин бардык моделдерине жеңилдетилген шарттар жеткиликтүү
- Ыңгайлуу төлөө графиги
Кеңеш алуу жана документтерди тариздөө үчүн Chevrolet”тин расмий дилердик борборуна кайрылсаңыз болот.