Баары Chevrolet жөнүндө
Кардарларды тейлөө кызматы
Chevrolet Suburban High Country — Chevrolet маркасындагы эң кенен жана технологиялык жактан өнүккөн жол тандабастардын бири. Ал алыскы сапарларга жана максималдуу ыңгайлуулукка ылайыкташтырылган. Таасирдүү дизайны, үч катар орундуктары бар кенен салону жана ири өлчөмдөрү анын өзгөчө мүнөзүн жана жогорку статусун баса белгилейт.
Кубаттуу 6,2 литрлик кыймылдаткыч 420 ат күчүн иштеп чыгып, 10 баскычтуу автоматтык берүү кутусу менен биргеликте иштейт. Салондо жети жүргүнчүгө чейин ыңгайлуу жайгаша алат, ал эми мейкиндикти ойлонулган трансформациялоонун аркасында багаж бөлүгүнүн көлөмү 4 092 литрге чейин жетет. Премиум High Country комплектациясы люкс жасалгалоону, заманбап мультимедиялык технологияларды жана айдоочу менен жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кеңири функциялар топтомун айкалыштырат.
Chevrolet Suburban — бул чоң унаага мүнөздүү кенендикти кубаттуулук, заманбап технологиялар жана премиум деңгээлдеги ыңгайлуулук менен айкалыштырган чыныгы америкалык SUV. Эми Suburban Кыргызстанда Tulpar Motors заводунда чыгарылып, Chevrolet Kyrgyzstan расмий дилерлеринен сатып алууга жеткиликтүү.
Сайтта көрсөтүлгөн кузовдун кошумча түстөрү болжолдуу жана автомобилдин чыныгы түсүнөн бир аз айырмаланышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн техникалык мүнөздөмөлөр Сиздин Chevroletтин мүнөздөмөлөрүнөн айырмаланышы мүмкүн. Жабдылуулар, техникалык параметрлер, түстөрдүн мүмкүн болгон айкалыштары, ошондой эле автомобилдердин жана тейлөөнүн баалары жөнүндө жайгаштырылган бардык маалымат маалыматтык гана мүнөзгө ээ жана эч кандай жагдайларда жалпы-жарыя болуп саналбайт.
Сайтта жарыяланган учурда жеткиликтүү болгон эң толук жана актуалдуу маалымат камтылган. Tulpar Motors компаниясы каалаган убакта алдын ала эскертүүсүз өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун, анын ичинде жабдуулардын сүрөттөмөсүн өзгөртүү, себилдигин, техникалык мүнөздөмөлөрүн, модельдик катарын жана продукциянын жеткиликтүүлүгүн, өзүндө калтырат. Келтирилген техникалык маалыматтар (тыш өлчөмдөрдү жана башка сандык көрсөткүчтөрдү кошо алганда) прототиптерди иштеп чыгуу жана лабораториялык сыноо учурларынын этаптарында алынган маалыматтарга негизделген. Абдан так маалыматтарды алуу үчүн Кыргыз Республикасындагы Chevroletтин расмий ортомчуларына кайрылыңыз.
Эскертүү: сайтта сүрөттөп көрсөтүлгөн айрым сүрөттөрдөгү автомобилдер кошумча (опциялык) жабдуулар менен жабдылышы мүмкүн.
Chevrolet автомобилдери жана алардын компоненттери General Motors”тун, Tulpar Motors”тун ар кайсы бөлүмдөрү, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү өнөктөш ишканалар жана жеткирүүчүлөр тарабынан чыгарылат же чогултулат. Зарыл болгон учурда компания автомобилдерди алгач билдирилгендерден айырмаланган түйүндөр жана тетиктер менен жабдууга укуктуу.
Кыргызстандагы Chevrolet компаниясынын расмий ортомчуларынан сатып алууну тариздөөнүн алдында, тандалган автомобилиңиз тууралуу актуалдуу маалыматты, анын ичинде так мүнөздөмөлөрдү, функцияларды калыбына келтирүү жана кошумча жабдууларды орнотуу мүмкүнчүлүгүн тактап алыңыз.
Актуалдуу нарктар, жабдылышы, техникалык мүнөздөмөлөрү жана автомобилдердин бар экендиги жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн Chevrolet”тин расмий ортомчуларына кайрылыңыз.