Фото

Chevrolet Cobalt LT/LTZ AT

1 200 000 сомдон баштап
1,5 л
Кыймылдаткыч
АТ
Кыймыл берүүнү коробкасы
563 л
Жүк салгычтын көлөмү
106 аттын күчү, Бензин
Кубаттуулук

Шаар жана үй-бүлө үчүн ишенимдүү тандоо

Chevrolet Cobalt – жөнөкөй, бирок ишенимдүү дизайны, ыңгайлуу салону жана убакыт сынагынан өткөн техникалык өзгөчөлүктөрү менен аракетти кыймылдаткычтан алдыңкы дөңгөлөккө берүүчү B сегментиндеги седан. Ал күнүмдүк турмушта оңтойлуулукту, үнөмдүүлүктү жана ишенимдүүлүктү баалагандар үчүн чыгарылган.

Өз түсүңүздү тандаңыз
* Түстөрдүн бар-жогун Ортомчуңуздан тактаңыз.
1

Кредитти эсептөө

Жабдуулардын тизмеси

LT AT
  • Отургучтар кездеме менен капталган
  • Дөңгөлөктөрдүн алкактарына кооздук капкакчалар
  • Рулдун жантайыш бурчу боюнча жөнгө салуу
  • Кондиционер
  • Бөгөт коюуга каршы тормоз системасы (ABS)
  • Айдоочунун жана алдыңкы жүргүнчүнүн коопсуздук жаздыкчалары
  • Кыймыл берүүнүн автоматтык коробкасы
  • Туманга каршы алдыңкы фаралары
  • Руль гидрокүчөткүчү
LTZ AT
  • Отургучтар кездеме менен капталган
  • Айдоочунун отургучун 4 тарап боюнча механикалык жөнгө салуу
  • Рулдун жантайыш бурчу боюнча жөнгө салуу
  • Кондиционер
  • Бөгөт коюуга каршы тормоз системасы (ABS)
  • Алдыңкы жана арткы электр терезе көтөргүчтөр
  • Жеңил металлдардын эритиндилеринен жасалган R15 дисктери
  • Руль гидрокүчөткүчү
  • Хром менен капталган ички эшик туткалар
  • Туманга каршы алдыңкы фаралары

Chevrolet Cobaltта бардыгы майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуштурулган. Каптал күзгүлөр кенен көрүнүштү камсыз кылат, ал эми арткы терезенин орнотулган жылытуусу катуу суукта да музга туруштук бере алат.

Туманга каршы фаралар туманда, жамгырда же карда да жолдо ишенимдүү жүрүүгө жардам берет.

Башкаруу

Башкаруу

Капоттун формасы жана рулдун жайгашуусу мыкты көрүнүштү камсыз кылышат. Рулда айдоочу ыңгайлуу абалда отурат, ал эми классикалык аналогдук билдиргичтери бар борттук компьютер ар дайым керектүү маалыматты берип турат.
Жарыктандыруусу

Жарыктандыруусу

Туманга каршы фаралар начар көрүнүш шарттарында да ишенимдүү жүрүүнү камсыз кылат. Ал эми терезелердин электр көтөргүчтөрүнүн жардамы менен терезени бир эле басуу менен оңой ачып же жаба аласыз — бул аба ырайы кандай гана болбосун ыңгайлуу.
Дисктер

Дисктер

Жеңил металлдардын эритиндисинен жасалган 15 дюймдук дисктер автомобилге стилдүү жана заманбап көрүнүш берет. Арткы бампердеги хромдолгон молдинг Chevrolet Cobaltтын динамикалык мүнөзүн баса белгилеп, көркүн ачат.

Chevrolet Cobalt ичинде эң биринчи сезе турганыңыз – бул кенендик жана ыңгайлуулук. Ички жасалга ыңгайлуулукту эске алуу менен иштелип чыккан: башкаруунун эргономикалык панелинин жана бардык элементтердин оңой жетүүчү жерге жайгашуусу менен айдоочуга башкаруу ыңгайлуу, ал эми жүргүнчүлөргө ыңгайлуу жол жүрүү үчүн жетиштүү орун камсыздалган. Салондо алып жүрүү үчүн көптөгөн орунчалар жана бөлүмдөр — керектүү буюмдар дайыма жаныңызда болушу үчүн бардыгы каралган.

Климат

Климат

Кошумча аба желдеткичтери арткы катардагы жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу аба айлануусун камсыз кылат. Жайкы аптапта да, кышкы суукта да салондогулардын баарына бирдей ыңгайлуу болот.
Атмосфера

Атмосфера

Chevrolet Cobaltтын ичинде өзүңүздү үйдөгүдөй эле сезесиз. Оңтойлуу жасалгалоочу материалдар, эргономикалык отургучтар жана пайдалуу варианттар айдоочу үчүн да, жүргүнчүлөр үчүн да ыңгайлуу жана достук маанайды жаратат.
Технологиялар

Технологиялар

Азыркы заманбап технологиялар кандай болбосун шарттарда мыкты микроклиматты камсыздоого жардам берет. Натыйжалуу жылытуу жана желдетүү системасы так жана тез иштейт – ал сизди кышында жылытып, жайында салкындатат.

АВТОМОБИЛЬ ЖӨНҮНДӨ ТОЛУГУРААК БИЛҮҮ

Сайтта көрсөтүлгөн кузовдун кошумча түстөрү болжолдуу жана автомобилдин чыныгы түсүнөн бир аз айырмаланышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн техникалык мүнөздөмөлөр Сиздин Chevroletтин мүнөздөмөлөрүнөн айырмаланышы мүмкүн. Жабдылуулар, техникалык параметрлер, түстөрдүн мүмкүн болгон айкалыштары, ошондой эле автомобилдердин жана тейлөөнүн баалары жөнүндө жайгаштырылган бардык маалымат маалыматтык гана мүнөзгө ээ жана эч кандай жагдайларда жалпы-жарыя болуп саналбайт.

Сайтта жарыяланган учурда жеткиликтүү болгон эң толук жана актуалдуу маалымат камтылган. Tulpar Motors компаниясы каалаган убакта алдын ала эскертүүсүз өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун, анын ичинде жабдуулардын сүрөттөмөсүн өзгөртүү, себилдигин, техникалык мүнөздөмөлөрүн, модельдик катарын жана продукциянын жеткиликтүүлүгүн, өзүндө калтырат. Келтирилген техникалык маалыматтар (тыш өлчөмдөрдү жана башка сандык көрсөткүчтөрдү кошо алганда) прототиптерди иштеп чыгуу жана лабораториялык сыноо учурларынын этаптарында алынган маалыматтарга негизделген. Абдан так маалыматтарды алуу үчүн Кыргыз Республикасындагы Chevroletтин расмий ортомчуларына кайрылыңыз.

Эскертүү: сайтта сүрөттөп көрсөтүлгөн айрым сүрөттөрдөгү автомобилдер кошумча (опциялык) жабдуулар менен жабдылышы мүмкүн.

Chevrolet автомобилдери жана алардын компоненттери General Motors”тун, Tulpar Motors”тун ар кайсы бөлүмдөрү, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү өнөктөш ишканалар жана жеткирүүчүлөр тарабынан чыгарылат же чогултулат. Зарыл болгон учурда компания автомобилдерди алгач билдирилгендерден айырмаланган түйүндөр жана тетиктер менен жабдууга укуктуу.

Кыргызстандагы Chevrolet компаниясынын расмий ортомчуларынан сатып алууну тариздөөнүн алдында, тандалган автомобилиңиз тууралуу актуалдуу маалыматты, анын ичинде так мүнөздөмөлөрдү, функцияларды калыбына келтирүү жана кошумча жабдууларды орнотуу мүмкүнчүлүгүн тактап алыңыз.

Актуалдуу нарктар, жабдылышы, техникалык мүнөздөмөлөрү жана автомобилдердин бар экендиги жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн Chevrolet”тин расмий ортомчуларына кайрылыңыз.