Фото

Chevrolet Tracker

1 667 800 сомдон баштап
1.2л турбо
Кыймылдаткыч
АТ
Кыймыл берүү коробкасы
393л
Жүк салгычтын көлөмү
132 аттын күчү
Кубаттуулугу

Chevrolet Tracker — Кыргызстанда эң көп сатылган кроссовер.

Chevrolet Tracker – бул көрүнүктүү дизайны, кенен салону жана технологиялык өзгөчөлүктөрү менен заманбап кроссовер.

Ал шаардын көчөлөрүндө да, андан тышкары да өзүн ишенимдүү сезет.

Үнөмдүү кыймылдаткычы, интеллектуалдык функциялары жана коопсуздуктун жогорку деңгээли менен Tracker күнүмдүк сапарлар жана Кыргызстан боюнча жаңы маршруттар үчүн эң мыкты тандоо болуп калды.

Өз түсүңүздү тандаңыз
* Түстөрдүн бар-жогун Ортомчуңуздан тактаңыз.
1

Кредитти эсептөө

Жабдуулардын тизмеси

LS
  • Автомобилдин чатырындагы жүк салгычты бекитүү үчүн узунунан кеткен багыттоочулар
  • Алдыңкы отургучтарды механикалык жөнгө салуу
  • Чыпкасы бар кондиционер
  • Жеңил металлдардын эритиндисинен жасалган R16 дисктер
  • Галогендик фаралар
  • Арткы галогендик чырактары
  • Кыймылдаткычтын картерин коргоочу капкак
  • Алеттер панелиндеги түссүз экран
  • Күмүш түстөгү радиатор торчосу
  • Үн динамиктери (4)
  • Отургучтардын кездеме каптамасы
LTZ
  • Айдоочу көрө албаган айланадагы мейкиндикти көзөмөлдөө
  • Белгиленген кыймыл ылдамдыгын сактоо
  • Автомобилдин чатырындагы жүк салгычты бекитүү үчүн узунунан кеткен багыттоочулар
  • Артка көрүү камерасы
  • Чыпкалуу кондиционер
  • Галогендик фаралар
  • Арткы галогендик чырактар
  • Кыймылдаткычты ачкычсыз от алдыруу (Start/Stop)
  • Алеттер панелиндеги түссүз экран
  • Радиатор торчосу (хромдолгон)
  • Косметикалык күзгүнүн капкагы менен күндөн коргоочу калканч
PREMIER
  • Жаан-чачын билдиргичи
  • Айдоочу көрө албаган айланадагы мейкиндикти көзөмөлдөө
  • Климаттык контроль
  • Белгиленген кыймыл ылдамдыгын сактоо
  • Панорамалык люк
  • Зымсыз кубаттоо
  • Арткы көрүнүш камерасы
  • Рулдун булгаары каптамасы
  • Алдыңкы автомобилге чейинки аралык көрсөткүч
  • Бетме-бет кагылышуу жөнүндө эскертүү
  • Жарык сезгич артты көрүү күзгүсү
  • Арткы отургучтун чыканак таянгычы

Көздүн жоосун алган стиль. Чаташтырбай турган динамика.

Chevrolet Tracker бир көргөндө эле көңүлдү бурат: кузовдун көркөм сызыктары, жарык диоддук фаралар жана радиатордун фирмалык торчосу ишенимдүү шаардык образды жаратышат.

Чатырда жүк салгычты бекитүү үчүн узунунан кеткен багыттоочулар, саркеч дисктер жана хромдон тартып кузовдун түсүнө чейин жасалгалоо варианттары автомобилдин динамикалык мүнөзүн баса белгилейт.

LED же галогендик фаралар менен жеткиликтүү жабдуулар. Tracker стилди, функционалдуулукту жана Chevroletтин таанымал ДНКсын айкалыштырат.

Агымда өзгөчөлөнүп турган заманбап дизайн.

Агымда өзгөчөлөнүп турган заманбап дизайн.

Chevrolet Trackerдин сырткы көрүнүшү - бул спорттук формалардын жана ишенимдүү мүнөздүн шайкештиги. Фирмалык радиатордун "эки кабаттуу" торчосу, умтулуштуу фаралар жана кузовдун тегизделген сызыктары кроссоверге стилдүү жана бир аз тайманбас келбет берет. Ал тургай токтоп турганда да, ал көңүлдү өзүнө бурат.

Панорамалык чатыр — көбүрөөк аба, көбүрөөк таасирлер

Панорамалык чатыр — көбүрөөк аба, көбүрөөк таасирлер

Панорамалык люк салонду жарык жана кенендик сезими менен толтурат. Кандай гана каттам болбосун, Сиз жана Сиздин жүргүнчүлөрүңүз көрүнүштөрдөн ырахат ала аласыздар.

Tracker шаардан тоолорго чейинки ар бир сапарды кызыктуу кылат.

Ар бир бөлүмдө стиль жана коопсуздук

Ар бир бөлүмдө стиль жана коопсуздук

Жүрүп бараткандагы жарыкдиоддук жарыктар заманбап көрүнүштү баса белгилеп, автомобилди жолдо көрүнүктүү кылат.

Функционалдуулук эстетика менен айкалышып - бул бир караганда эле көрүнүп турат.

Бардыгы Сиздер үчүн жасалган салон

Chevrolet Trackerдин кенен, ыңгайлуу жана технологиялык жактан өнүккөн ички жасалгасы айдоочунун жана жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн иштелип чыккан.

Орундуктардын кездеме же айкалыштырылган каптамасы, рулдун булгаары каптамасы, отургучту электр менен жөнгө салуу, ачкычсыз кирүү жана кыймылдаткычты иштетүү — ар бир майда - чүйдөсү сапарыңызды жеңил жана жагымдуу кылуу үчүн ойлонулган.

Панорамалык чатыр, климат-контроль жана жогорку комплектациялардагы кошумча варианттар шаарда да, андан тышкары да эркиндик менен ыңгайлуулуктун сезимин тартуулайт.

Заманбап ички жасалга — жөнөкөй жана табитке жагымдуу

Заманбап ички жасалга — жөнөкөй жана табитке жагымдуу

Сhevrolet Trackerдин салонунда баары майда-чүйдөсүнө чейин ойлонулган: минимализм, так сызыктар жана эргономикага көңүл буруу.

Ар бир элемент заманбап тенденцияларга ылайык жасалган - ашыкча эч нерсе жок, стиль жана ыңгайлуулук гана.

Кеңири мейкиндик — кеңири мүмкүнчүлүктөр

Кеңири мейкиндик — кеңири мүмкүнчүлүктөр

Стилдүү, технологиялык жана чындап эле универсалдуу.

Tracker спорттук көрүнүштү, жайлуу салонду жана заманбап функцияларды айкалыштырат.

Күнүмдүк сапарлардан баштап, активдүү дем алыштарга чейин — бул Сиздин күн сайынкы өнөктөшүңүз.

Ар бир майда — чүйдөсүнө чейинкиде жайлуулук

Ар бир майда — чүйдөсүнө чейинкиде жайлуулук

Бардык отургучтар анатомияны жана активдүү жашоо образын эске алуу менен иштелип чыккан.

Эки түстүү каптама, спорттук жасалгалар жана бут менен ийинге кошумча орун, ички жасалганы ыңгайлуу жана көрүнүшү жактан динамикалуу кылат. Бул жерде айдоочу үчүн да, жүргүнчүлөр үчүн да ыңгайлуу.

АВТОМОБИЛЬ ЖӨНҮНДӨ ТОЛУГУРААК БИЛҮҮ

Сайтта көрсөтүлгөн кузовдун кошумча түстөрү болжолдуу жана автомобилдин чыныгы түсүнөн бир аз айырмаланышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн техникалык мүнөздөмөлөр Сиздин Chevroletтин мүнөздөмөлөрүнөн айырмаланышы мүмкүн. Жабдылуулар, техникалык параметрлер, түстөрдүн мүмкүн болгон айкалыштары, ошондой эле автомобилдердин жана тейлөөнүн баалары жөнүндө жайгаштырылган бардык маалымат маалыматтык гана мүнөзгө ээ жана эч кандай жагдайларда жалпы-жарыя болуп саналбайт.

Сайтта жарыяланган учурда жеткиликтүү болгон эң толук жана актуалдуу маалымат камтылган. Tulpar Motors компаниясы каалаган убакта алдын ала эскертүүсүз өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун, анын ичинде жабдуулардын сүрөттөмөсүн өзгөртүү, себилдигин, техникалык мүнөздөмөлөрүн, модельдик катарын жана продукциянын жеткиликтүүлүгүн, өзүндө калтырат. Келтирилген техникалык маалыматтар (тыш өлчөмдөрдү жана башка сандык көрсөткүчтөрдү кошо алганда) прототиптерди иштеп чыгуу жана лабораториялык сыноо учурларынын этаптарында алынган маалыматтарга негизделген. Абдан так маалыматтарды алуу үчүн Кыргыз Республикасындагы Chevroletтин расмий ортомчуларына кайрылыңыз.

Эскертүү: сайтта сүрөттөп көрсөтүлгөн айрым сүрөттөрдөгү автомобилдер кошумча (опциялык) жабдуулар менен жабдылышы мүмкүн.

Chevrolet автомобилдери жана алардын компоненттери General Motors”тун, Tulpar Motors”тун ар кайсы бөлүмдөрү, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү өнөктөш ишканалар жана жеткирүүчүлөр тарабынан чыгарылат же чогултулат. Зарыл болгон учурда компания автомобилдерди алгач билдирилгендерден айырмаланган түйүндөр жана тетиктер менен жабдууга укуктуу.

Кыргызстандагы Chevrolet компаниясынын расмий ортомчуларынан сатып алууну тариздөөнүн алдында, тандалган автомобилиңиз тууралуу актуалдуу маалыматты, анын ичинде так мүнөздөмөлөрдү, функцияларды калыбына келтирүү жана кошумча жабдууларды орнотуу мүмкүнчүлүгүн тактап алыңыз.

Актуалдуу нарктар, жабдылышы, техникалык мүнөздөмөлөрү жана автомобилдердин бар экендиги жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн Chevrolet”тин расмий ортомчуларына кайрылыңыз.