Фото

Chevrolet Captiva

2 299 000 сомдон баштап
1.5 л турбо
Кыймылдаткыч
CVT (вариатор)
Кыймыл берүү коробкасы
538/275 л
Жүк салгычтын көлөмү
149 аттын күчү
Кубаттуулугу

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК САПАРЛАР ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮНҮН БАРДЫГЫ — ЖАҢЫ CHEVROLET CAPTIVAДА

Chevrolet Captiva – бүт үй-бүлөнүн чыныгы жайлуулугу үчүн иштелип чыккан кенен жана технологиялык кроссовер. Аракетти кыймылдаткычтан алдыңкы дөңгөлөккө берүү, турбокомпрессордук кыймылдаткыч жана салмактуу CVT трансмиссиясы кубаттуулуктун жана үнөмдүүлүктүн тең салмактуу айкалышын тартуулайт.

Captivaнын 5 же 7 орундуулугун тандоо мүмкүнчүлүгү аны шаар ичинде айдоого да, ошондой эле алыскы аралыктарга саякаттар үчүн да бирдей ыңгайлуу кылат.

Эстетикалык дизайн, кылдат ойлонулган эргономика жана заманбап ехнологиялар ар бир сапарды коопсуз жана жагымдуу саякатка айландырат.

Өз түсүңүздү тандаңыз
* Түстөрдүн бар-жогун Ортомчуңуздан тактаңыз.
1

Кредитти эсептөө

Жабдуулардын тизмеси

LT2
  • Арткы көрүнүш камерасы
  • Кондиционер
  • Динамиктер (4)
  • 7 орундуу жалпы конфигурация, өзүнчө экинчи катар (RH40/LH60) үч адамга, үчүнчү катар эки адамга (RH50/LH50)
  • Токтотуудагы арткы билдиргичтер
  • Салондун жасалгасы — тешилген жасалма булгаары
  • Кол тормозу
  • Алдыңкы галогендик фаралар
  • Орундуктарды механикалык жөнгө салуу
PREMIER
  • Арткы көрүнүш камерасы
  • Жарык билдиргичи
  • Токтотуудагы алдыңкы билдиргичтер
  • Климат-контроль
  • Панорамалык люк
  • Динамиктер (6)
  • Айлананы кароо системасы (360 камера)
  • Алдыңкы жарык диоддук фаралар
  • Кошумча порт
  • USB арткы каптал панелге орнотулган
  • Салондун жасалгасы — тешилген жасалма булгаары
  • 7 орундуу жалпы конфигурация, өзүнчө экинчи катар (RH40/LH60) үч адамга, үчүнчү катар эки адамга (RH50/LH50)
  • Токтотуп коюунун электрдик тормозу

ЖОЛДО СИЗДИ ӨЗГӨЧӨЛӨП ТУРГАН СТИЛЬ

Chevrolet Captiva ар бир километрде көз жоосун алып, ишеним тартуулоо үчүн чыгарылган. Кузовдун динамикалуу сызыктары, радиатордун таасирдүү торчосу жана заманбап жарык диоддук фаралар кроссовердин мүнөзүн баса белгилейт.

Ал эми 18 дюймдук дисктер, чатырдагы жүк салгычты бекитүү үчүн узунунан кеткен багыттоочулар жана кылдат ойлонулган жабдуулар ар бир сапарды жайлуу жана коопсуз кылат.

Жолду көрүү жөндөмүңүздү өзгөрткөн панорамалык люк.

Жолду көрүү жөндөмүңүздү өзгөрткөн панорамалык люк.

Панорамалык люк ар бир сапарды өзгөчө окуяга айлантат — көбүрөөк жарык, аба жана эркиндик сезими. Автомобилден түшпөй эле, жолдон жана айланаңыздагы көрүнүштөрдөн ырахат алыңыз.

Кыймылдын стилин тартуулаган дисктер

Кыймылдын стилин тартуулаган дисктер

Элеганттуу 18 дюймдук жеңил эритмелерден жасалган дисктер Captivaнын динамикалык мүнөзүн баса белгилеп, жол тыгынында да көздөрдүн жоосун алат. Жүрүүнүн кандай гана темпинде болбосун байкала турган стиль.

Жолго жаркын көз караш

Жолго жаркын көз караш

Заманбап LED фаралар так жарыктандырууну камсыздап, автомобилге көрк кошот. Алар менен Сиздин сапарыңыз күндүн кайсы убагында болбосун коопсуз жана стилдүү болот.

Ар бир бөлүгүндө жайлуулук болгон салон

Chevrolet Captivaда кенен 5 же 7 орундуу конфигурациядан баштап, отургучтардын кылдат ойлонуштурулган трансформациясына чейин — баары Сиздин ыңгайыңыз үчүн жасалган. Жогорку сапаттагы жасалгалоочу материалдар, орундуктардын ыңгайлуу абалы жана климатты көзөмөлдөө жана USB туташтыргычтар сыяктуу заманбап функциялар айдоочу жана жүргүнчүлөр үчүн кандай болбосун сапарды ырахатка айлантат.

Көрүнүү тактыгы - ишенимдүү манёврлар

Көрүнүү тактыгы - ишенимдүү манёврлар

Чоң 10,4 дюймдук сенсордук экран мультимедия борбор гана эмес, коопсуз айдоодогу жардамчыңыз да болуп саналат. Арткы көрүнүш камерасы кеңири көрүнүштү камсыздап, максималдуу тактык менен токтотууга жана манёвр жасоого мүмкүндүк берет.

Жайлуулукту өзүңүзгө ылайыкташтырып алыңыз

Жайлуулукту өзүңүзгө ылайыкташтырып алыңыз

Бир кыймыл менен эң сонун абалды табыңыз - айдоочунун отургучунун 6 позициялуу электрдик жөнгө салынышы Сиздин адаттарыңызга жана айдоо стилиңизге ылайыкташып, алыскы сапарларда да жайлуулукту камсыз кылат.
Бир тийүү менен заманбап башкаруу

Бир тийүү менен заманбап башкаруу

Жолдо максималдуу жайлуулук жана коопсуздук үчүн ыңгайлуу электрдик токтотуп коюунун тормоз баскычы стилдүү борбордук консолдо жайгашкан — бул системаны тез жана оңой иштетүүгө мүмкүндүк берет.

АВТОМОБИЛЬ ЖӨНҮНДӨ ТОЛУГУРААК БИЛҮҮ

Сайтта көрсөтүлгөн кузовдун кошумча түстөрү болжолдуу жана автомобилдин чыныгы түсүнөн бир аз айырмаланышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн техникалык мүнөздөмөлөр Сиздин Chevroletтин мүнөздөмөлөрүнөн айырмаланышы мүмкүн. Жабдылуулар, техникалык параметрлер, түстөрдүн мүмкүн болгон айкалыштары, ошондой эле автомобилдердин жана тейлөөнүн баалары жөнүндө жайгаштырылган бардык маалымат маалыматтык гана мүнөзгө ээ жана эч кандай жагдайларда жалпы-жарыя болуп саналбайт.

Сайтта жарыяланган учурда жеткиликтүү болгон эң толук жана актуалдуу маалымат камтылган. Tulpar Motors компаниясы каалаган убакта алдын ала эскертүүсүз өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун, анын ичинде жабдуулардын сүрөттөмөсүн өзгөртүү, себилдигин, техникалык мүнөздөмөлөрүн, модельдик катарын жана продукциянын жеткиликтүүлүгүн, өзүндө калтырат. Келтирилген техникалык маалыматтар (тыш өлчөмдөрдү жана башка сандык көрсөткүчтөрдү кошо алганда) прототиптерди иштеп чыгуу жана лабораториялык сыноо учурларынын этаптарында алынган маалыматтарга негизделген. Абдан так маалыматтарды алуу үчүн Кыргыз Республикасындагы Chevroletтин расмий ортомчуларына кайрылыңыз.

Эскертүү: сайтта сүрөттөп көрсөтүлгөн айрым сүрөттөрдөгү автомобилдер кошумча (опциялык) жабдуулар менен жабдылышы мүмкүн.

Chevrolet автомобилдери жана алардын компоненттери General Motors”тун, Tulpar Motors”тун ар кайсы бөлүмдөрү, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү өнөктөш ишканалар жана жеткирүүчүлөр тарабынан чыгарылат же чогултулат. Зарыл болгон учурда компания автомобилдерди алгач билдирилгендерден айырмаланган түйүндөр жана тетиктер менен жабдууга укуктуу.

Кыргызстандагы Chevrolet компаниясынын расмий ортомчуларынан сатып алууну тариздөөнүн алдында, тандалган автомобилиңиз тууралуу актуалдуу маалыматты, анын ичинде так мүнөздөмөлөрдү, функцияларды калыбына келтирүү жана кошумча жабдууларды орнотуу мүмкүнчүлүгүн тактап алыңыз.

Актуалдуу нарктар, жабдылышы, техникалык мүнөздөмөлөрү жана автомобилдердин бар экендиги жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн Chevrolet”тин расмий ортомчуларына кайрылыңыз.