Фото

Chevrolet Damas DLX/VAN

765 800 сомдон баштап
0.8 л
Кыймылдаткыч
МТ-5
Кыймыл берүү коробкасы
450 кг
Грузоподъемность
32 л.с.
Мощность

Жыйнактуу жасалган ишенимдүү жардамчы

Манёврдүүлүгү, чакан өлчөмдөрү жана үнөмдүүлүгү маанилүү болгон Chevrolet Damas — бизнес үчүн ишенимдүү өнөктөш. Бул 5 эшиктүү 0,8 литрлик, кубаттуулугу 38 аттын күчүнө барабар болгон кыймылдаткыч менен жабдылган, коммерциялык автомобиль шаар шарттарында да, шаар сыртындагы жолдордо да өзүн ишенимдүү сезет.

Модель төмөндөгүдөй үч оңтойлуу вариантта чыгарылат:

Жүргүнчүлөрдү ташуучу: үч катар отургуч (2+3+2) — кызматкерлерди же чакан топторду ташуу үчүн ыңгайлуу. Комби (жүргүнчү + жүк ташуучу): эки катар отургуч (2+3) жана үчүнчү катардын ордуна чоңойтулган жол жүк бөлүмү. Бир эле учурда адамдарды жана жүктөрдү ташуу үчүн ыңгайлуу.

Жүк ташуучу: кузову-фургон, жүк көтөрүмдүүлүгү 560 кг чейин — жеткирүү жана күнүмдүк логистикалык тапшырмалар үчүн мыкты тандоо. Аракетти кыймылдаткычтан арткы дөңгөлөккө берүү жана чакан тыш өлчөмдөрү менен Damas шаардын тыгыз кыймылында оңой эле жүрө алат.

Күйүүчү майдын сарпталышы: айдоо шарттарына жараша 100 кмге 6,5тен 9,3 литрге чейин.

Chevrolet Damas — жүктү жүктөөдө жөнөкөйлүк, үнөмдүүлүк жана тейлөөнүн ыңгайлуулугу. Чакан бизнес, курьердик кызматтар жана жеке ишкерлер үчүн эң сонун чечим.

Өз түсүңүздү тандаңыз
* Түстөрдүн бар-жогун Ортомчуңуздан тактаңыз.
1

Кредитти эсептөө

Жабдуулардын тизмеси

DLX
  • Жашыл кошумча түс менен караңгылатылган айнектер
  • 5 баскычтуу механикалык трансмиссия
  • Декоративдик каптал чаптамалар
  • Күңүрттөнгөн арткы айнек
  • Карбюратордук 0,8 л кыймылдаткыч F8C8
  • Алдыңкы фараларды жөнгө салуу функциясы
  • Гидравликалык тормоз системасы (алдыңкы—диск, арткы — барабан)
  • Запас дөңгөлөк 155R12
  • 12 X 4.0 дөңгөлөктүн болот диски STEEL
  • Радио колдоосу бар аудиосистема, USB, AUX/IN
  • Баш таянгычтары менен бөлүнүп бүктөлүүчү арткы отургучтар
VAN
  • 5 баскычтуу механикалык трансмиссия
  • Күңүрттөнгөн арткы айнек
  • Жашыл кошумча түс менен караңгылатылган айнектер
  • Карбюратордук 0,8 л кыймылдаткыч F8C8
  • Гидравликалык тормоз системасы (алдыңкы—диск, арткы — барабан)
  • Запас дөңгөлөк 155R12
  • 12 X 4.0 дөңгөлөктүн болот диски STEEL
  • Радио колдоосу бар аудиосистема, USB, AUX/IN
  • Баш таянгычтары менен бөлүнүп бүктөлүүчү арткы отургучтар
  • Арткы отургучтардын 3 жерге бекитилүүчү коопсуздук курлары
  • Кагылышуу болсо алдыңкы коопсуздук курларынын алдын ала тарткычы
  • Капталдагы бурулуш сигналын кайталагычтар
Chevrolet Damas
Кандай гана каттам болбосун оңтойлуу дизайн

Кандай гана каттам болбосун оңтойлуу дизайн

Жыйнактуу тыш өлчөмдөрү жана жер менен эң астыңкы тетигинин аралыгынын бийиктиги Damasка шаардын тыгыз кыймылында да, шаардын сыртындагы жолдордо да ишенимдүү жүрүүгө мүмкүндүк берет. Күңүрттөлгөн айнектер, көрүнүктүү каптал кайталагычтар жана арткы туманга каршы фара, ар бир бөлүгү функционалдуулукка баш ийген образды жаратат.
Ишеним артууга боло турган коопсуздук

Ишеним артууга боло турган коопсуздук

Damas жаркыраган фаралардан тартып, натыйжалуу токтоо-сигналына жана туманга каршы фарага чейин, 3 жерге бекитилүүчү коопсуздук курлары, кагылышуу болсо алдыңкы курлардын ишенимдүү алдын ала тарткычтары жана ойлонулган жарыктандыруу технологиясы менен жабдылган.

Алдыңкы дисктери жана арткы барабандары менен гидравликалык тормоздор кандай гана шарттарда болбосун туруктуу жана ишенимдүү тормоздоону камсыздайт.

Ар бир адамга кеңдик жана жайлуулук

Ар бир адамга кеңдик жана жайлуулук

Жети толук кандуу орун жана бүктөлмө отургучтар салонду каалагандай жеңил ыңгайлаштырууга мүмкүнчүлүк берет — жүргүнчүлөрдү ташуудан баштап кошумча жүк жайгаштырууга чейин. Ыңгайлуу отуруу, баш тирөөчтөр жана ойлонулган жайгаштыруу ар бир сапарды мүмкүн болушунча жайлуу кылат.
Күн сайынкы сапарлар үчүн ички жасалга

Күн сайынкы сапарлар үчүн ички жасалга

Damasта баары оңтойлуу жана жайлуу айдоо үчүн иштелип чыккан. USB жана AUX менен жабдылган аудиосистемасы үндүн жакшы чыгаруусун камсыз кылат, ал эми жылытуу системасы жана жөнгө салынуучу фаралар жылдын кайсы убагында жана кандай шартта болбосун өзүңдү ишенимдүү сезүүгө жардам берет.

АВТОМОБИЛЬ ЖӨНҮНДӨ ТОЛУГУРААК БИЛҮҮ

Сайтта көрсөтүлгөн кузовдун кошумча түстөрү болжолдуу жана автомобилдин чыныгы түсүнөн бир аз айырмаланышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн техникалык мүнөздөмөлөр Сиздин Chevroletтин мүнөздөмөлөрүнөн айырмаланышы мүмкүн. Жабдылуулар, техникалык параметрлер, түстөрдүн мүмкүн болгон айкалыштары, ошондой эле автомобилдердин жана тейлөөнүн баалары жөнүндө жайгаштырылган бардык маалымат маалыматтык гана мүнөзгө ээ жана эч кандай жагдайларда жалпы-жарыя болуп саналбайт.

Сайтта жарыяланган учурда жеткиликтүү болгон эң толук жана актуалдуу маалымат камтылган. Tulpar Motors компаниясы каалаган убакта алдын ала эскертүүсүз өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун, анын ичинде жабдуулардын сүрөттөмөсүн өзгөртүү, себилдигин, техникалык мүнөздөмөлөрүн, модельдик катарын жана продукциянын жеткиликтүүлүгүн, өзүндө калтырат. Келтирилген техникалык маалыматтар (тыш өлчөмдөрдү жана башка сандык көрсөткүчтөрдү кошо алганда) прототиптерди иштеп чыгуу жана лабораториялык сыноо учурларынын этаптарында алынган маалыматтарга негизделген. Абдан так маалыматтарды алуу үчүн Кыргыз Республикасындагы Chevroletтин расмий ортомчуларына кайрылыңыз.

Эскертүү: сайтта сүрөттөп көрсөтүлгөн айрым сүрөттөрдөгү автомобилдер кошумча (опциялык) жабдуулар менен жабдылышы мүмкүн.

Chevrolet автомобилдери жана алардын компоненттери General Motors”тун, Tulpar Motors”тун ар кайсы бөлүмдөрү, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү өнөктөш ишканалар жана жеткирүүчүлөр тарабынан чыгарылат же чогултулат. Зарыл болгон учурда компания автомобилдерди алгач билдирилгендерден айырмаланган түйүндөр жана тетиктер менен жабдууга укуктуу.

Кыргызстандагы Chevrolet компаниясынын расмий ортомчуларынан сатып алууну тариздөөнүн алдында, тандалган автомобилиңиз тууралуу актуалдуу маалыматты, анын ичинде так мүнөздөмөлөрдү, функцияларды калыбына келтирүү жана кошумча жабдууларды орнотуу мүмкүнчүлүгүн тактап алыңыз.

Актуалдуу нарктар, жабдылышы, техникалык мүнөздөмөлөрү жана автомобилдердин бар экендиги жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн Chevrolet”тин расмий ортомчуларына кайрылыңыз.