Баары Chevrolet жөнүндө
Кардарларды тейлөө кызматы
Биз Tulpar Motors жана Chevrolet Kyrgyzstan компаниялары бирдиктүү өнөктөш катары Кыргыз профессионалдык футбол лигасы менен өнөктөштүк келишимге кол койгонун кубануу менен билдиребиз. Бул кызматташтык спортту өнүктүрүүгө, ата мекендик өндүрүштү колдоого жана Кыргызстанды динамика, сапат жана ийгиликке умтулуу айкалышкан өлкө катары таанытууга багытталган.
Күчтөрдү бириктирүү менен өнөктөштөр өлкөдө футболду популяризациялоого, командаларды жана спортчуларды колдоого, ошондой эле жаштарды активдүү жана сергек жашоого тартууга ниеттенишет. Спорт тартип, командалык рух жана максатка умтулуу сыяктуу баалуулуктарды калыптандырат, бул коомдун өнүгүшү үчүн абдан маанилүү.
Бул кызматташтык ата мекендик бренддер өлкөдөгү спортту кантип колдой алаарын көрсөтөт. Chevrolet Kyrgyzstan лиганын демилгелерин колдоп, Кыргызстанда футболду мындан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө салым кошот.
Өнөктөштүк командалык рухту бекемдөөгө, жаштарды тартууга жана күйөрмандарды шыктандырууга багытталган. Биргелешкен аракеттер сергек жашоо образын жана спортко активдүү катышууну жайылтууга, ошондой эле өлкөдө футболдун аброюн жогорулатууга жардам берет.
Tulpar Motors жана Chevrolet Kyrgyzstan Кыргыз профессионалдык футбол лигасы менен бирге ишеним, ылдамдык жана биримдик руху менен алдыга жылууну улантат. Бул кызматташтык спорт менен ата мекендик өндүрүш өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн бир багытта өнүгө аларын далилдейт.