Chevrolet Kyrgyzstan Кыргыз Республикасынын автомотоспорт федерациясы менен кызматташтыкта автоспорт тармагын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт

Chevrolet Kyrgyzstan Кыргыз Республикасынын Автомотоспорт федерациясы менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол койду | Официальный дистрибьютор Chevrolet в Кыргызстане
Chevrolet Kyrgyzstan Кыргыз Республикасынын автомотоспорт федерациясы менен кызматташтыкта автоспорт тармагын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт

13-февраль 2026-жылы Chevrolet Kyrgyzstan жана «Автомотоспорт жана жол коопсуздугу федерациясы» коомдук бирикмеси кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюшту. Документке кол коюу автоунаа спорту жана жол кыймылынын коопсуздугу тармагында бизнес менен профилдик спорттук уюмдун системалуу өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп калды.

Chevrolet Kyrgyzstan тараптан Меморандумга өндүрүш жана автоунааларды сатуу боюнча башкаруучу директор Шведчиков Константин Юрьевич кол койду. Федерация тараптан документке вице-президент Нурбеков Эмиль Макенович кол койду. Тараптар узак мөөнөттүү жана натыйжалуу кызматташууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Меморандумдун негизги максаты — автоунаа спортун өнүктүрүү жана колдоо, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу, кадрларды даярдоо жана биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча туруктуу өнөктөштүктү түзүү. Кызматташтык тең укуктуулук, ак ниеттүүлүк, өз ара урматтоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоо принциптерине негизделет.

Жетишилген макулдашуулардын алкагында техникалык спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен спорттук иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле жол коопсуздугу жаатында билим берүү жана социалдык демилгелерди ишке ашыруу пландалууда. Мындан тышкары, тажрыйба, маалымат жана ресурстар менен алмашуу, ошондой эле автоспорт тармагында ата мекендик технологияларды жана бренддерди илгерилетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Кызматташтык узак мөөнөттүү келечекке багытталган. Мындай формат тараптарга автоспорт жана жол коопсуздугу жаатындагы долбоорлорду системалуу түрдө ишке ашырууга, техникалык спортту өнүктүрүү жана айдоочулук маданиятты жогорулатууга багытталган туруктуу платформаны түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Биз «Автомотоспорт жана жол коопсуздугу федерациясы» коомдук бирикмеси менен биргелешкен аракеттер тармакты өнүктүрүүгө, жаш таланттарды колдоого жана өлкөдөгү жол коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга багытталган масштабдуу демилгелерди ишке ашырууга бекем негиз болот деп ишенебиз.