Баары Chevrolet жөнүндө
Кардарларды тейлөө кызматы
9-Май — элдин улуу эрдигин эскерип, муундарды бириктирген өзгөчө күн. Бул күнү Chevrolet Кыргызстан ардагерлерди, тыл эмгекчилерин, согуштун күбөлөрүн жана жалпы кыргызстандыктарды Улуу Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт. Биз эркиндик жана тынч келечек үчүн күрөшүп, кайраттуулук, чыдамкайлык жана Мекенге болгон чексиз сүйүүсүн көрсөткөн баатырлардын жаркын элесине терең таазим кылабыз.
Кыргызстан жалпы Жеңишке татыктуу салым кошкон. Миңдеген мекендештерибиз майданда салгылашып, жарадарларды сактап калышкан, аскердик госпиталдарда кызмат өтөшкөн жана тылда талыкпай эмгектенишкен. Алардын эрдиги өлкөбүздүн тарыхында түбөлүккө сакталып, кийинки муундар үчүн мекенчилдиктин жана кайраттуулуктун үлгүсү болуп калат.
Кыргыз элинин сыймыктуу баатырларынын катарында Чолпонбай Түлөбердиев душмандын ок атуучу дзотунун амбразурасын өз денеси менен жаап, Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Исмаилбек Таранчиев күйүп жаткан учагын душмандын аскердик техникасы топтолгон жерге багыттап, баатырдык көрсөткөн. Калыйнур Үсөнбеков менен Дайыр Асанов да согуш талаасында көрсөткөн эрдиги жана мекенге болгон берилгендиги менен Улуу Жеңиштин тарыхына өз ысымдарын түбөлүккө жазышкан.
Жеңишке жетүүдө кыргызстандык аялдардын да салымы өзгөчө болгон. Аскер дарыгери Рафа Айдарбекова майданда миңдеген жоокерлердин өмүрүн сактап калган. Ал эми Токтогон Алтыбасарова жаш курагына карабастан блокададагы Ленинграддан эвакуацияланган 150 баланы өз камкордугуна алып, аларга энелик мээримин, жылуулугун жана үмүтүн тартуулаган. Жумагүл Мусаева да согуш жылдарында мекенге жана элге ак кызмат кылуунун жаркын үлгүсү болуп калды.
Бүгүнкү күндө биздин милдет - баатырларыбыздын элесин ыйык сактоо, алардын эрдиктерин жаш муунга жеткирүү жана ушундай оор баа менен келген тынчтыктын баркын билүү. Алардын кайраттуулугу, адамгерчилиги жана Мекенге болгон берилгендиги ар дайым баарыбыз үчүн үлгү болуп кала берет.
Бул улуу майрам күнү Chevrolet Кыргызстан ар бир үй-бүлөгө бекем ден соолук, бакыт-таалай, ынтымак жана тынчтык каалайт. Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк жашап, муундарды бириктирип, тынчтыктын, өз ара урматтоонун жана биримдиктин баалуулугун эске салып турсун. Улуу Жеңиш күнүңүздөр менен!