Баары Chevrolet жөнүндө
Кардарларды тейлөө кызматы
2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда спортту, маданиятты, каада-салттарды жана көчмөн элдердин мурасын бириктирген эң ири эл аралык иш-чаралардын бири – VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Chevrolet Кыргызстан бул маанилүү иш-чаранын расмий өнөктөшү катары оюндардын өткөрүлүшүн жана негизги демилгелерин колдойт.
Өнөктөштүктүн алкагында өлкөдөгү биринчи ата мекендик Tulpar Motors автозаводунда чыгарылган Chevrolet үлгүсүндөгү автоунаалар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү этаптарында пайдаланылат. Транспорттук колдоо иш-чаранын ар кандай багыттарынын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу уюштурулушун камсыздайт.
Оюндарга даярдык көрүүнүн маанилүү бөлүгү болуп муундардын уланмалуулугун, биримдикти жана көчмөн элдердин бай мурасына болгон урмат-сыйды символдоштурган «Биримдик кербени» долбоору саналат. Chevrolet автоунаалары кербенди анын бардык маршруту боюнча коштоп, маанилүү маданий демилгенин ажырагыс бөлүгүнө айланат.
Chevrolet Кыргызстан үчүн мындай масштабдуу иш-чарага катышуу чоң сыймык жана өлкө, коом жана улуттук баалуулуктар үчүн маанилүү болгон долбоорлорду колдоо миссиясынын уландысы болуп саналат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен өнөктөштүк компаниянын Кыргызстандын маданий мурасын өнүктүрүүгө жана жайылтууга кошкон салымын чагылдырат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүн бириктирип, маданий байланыштарды чыңдоого жана көчмөн цивилизациясынын уникалдуу салттарын эл аралык деңгээлде жайылтууга өбөлгө түзөт. Бул иш-чара диалогдун, өз ара урматтоонун жана тарыхый мурасты сактоонун аянтчасы болуп саналат.
Chevrolet Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүнө сыймыктанат жана Кыргызстандын рухун, каада-салттарын жана келечекке болгон ишенимдүү кадамын чагылдырган бул ири эл аралык иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө өз салымын кошот.