Баары Chevrolet жөнүндө
Кардарларды тейлөө кызматы
Red Petroleum × Chevrolet «Кыялга карай жол!» биргелешкен акциясынын бешинчи этабы жыйынтыкталды. Кезектеги этаптын алкагында жыйынтыктар чыгарылып, байгелерине дагы бир кадам жакындаган жаңы жеңүүчүлөр аныкталды. Байге ойнотуу түз эфирде өткөрүлүп, анын ачык-айкын жана калыс өтүшү камсыздалды.
Акция Chevrolet брендинин катышуусунда ишке ашырылып, кардарлардын лоялдуулугун жогорулатууга жана авто сүйүүчүлөр үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Катышуучулар Red Petroleum май куюучу станцияларында май куюп, RedPay кызматын колдонуп жана Chevrolet унааларын расмий дилердик борборлордон сатып алуу менен акцияга катышууну улантышууда.
Акциянын бешинчи этабы өлкөнүн бардык аймактарындагы кардарлардын активдүү катышуусу менен өттү. Бардык катышуучуларга кызыгуусу жана жигердүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле өз кыялдарына дагы бир кадам жакындаган жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз.
V этаптын жеңүүчүлөрүнүн толук тизмеси менен Red Petroleum компаниясынын расмий сайтынан таанышууга болот:
https://redpetroleum.kg/pobediteli-v-jetapa-akcii-put-k-mechte
Түз эфирге кошула албай калган катышуучулар үчүн байге ойнотуунун видеожазуусу компаниянын расмий YouTube-каналында жеткиликтүү.
Акция уланууда жана анын катышуучуларын алдыда акыркы этап күтөт. Негизги байгелердин катарында Chevrolet Tracker унаалары жана 500дөн ашык күйүүчү май карталары ойнотулат.
Chevrolet бардык каалоочуларды «Кыялга карай жол!» акциясына кошулууга чакырат. Red Petroleum май куюучу станцияларында май куюп, RedPay кызматын колдонуп, баалуу байгелердин ээси болуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз.
Толук маалыматты Red Petroleum жана Chevrolet Кыргызстан компанияларынын расмий сайттарынан таба аласыз:
https://chevrolet-motors.kg/specials/10