Баары Chevrolet жөнүндө
Кардарларды тейлөө кызматы
Chevrolet жана Tulpar Motors Кыргызстандын улуттук курама командасынын беттештерине катышып, күйөрмандар үчүн автоунаа ойнотулуу акциясын өткөрүштү.
Chevrolet компаниясы Tulpar Motors менен биргеликте Кыргызстандын улуттук курама командасынын беттештерине катышты. 6 жана 9-июнда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын жана Палестинанын улуттук курама командаларынын беттештери өтүп, анын алкагында күйөрмандар үчүн атайын акция уюштурулду.
Chevrolet Кыргыз Республикасынын Кесиптик футбол лигасы менен биргеликте Жогорку Лиганын күйөрмандары арасында эки жаңы Chevrolet автоунаасын ойнотуу долбоорун улантууда. Бул демилге өлкөдө футболду өнүктүрүүгө, күйөрмандардын матчтарга болгон кызыгуусун арттырууга жана алар үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.
Беттештердин жүрүшүндө Chevrolet жана Tulpar Motors өкүлдөрү акцияга катышуунун шарттары тууралуу маалымат беришти. Ойнотулушка катышуу үчүн Жогорку Лиганын каалаган матчынын билетин сатып алып, аны RedPay мобилдик тиркемесинде каттоо зарыл. Каттоодон өткөндөн кийин билет автоматтык түрдө Chevrolet автоунаасы ойнотулуучу акциянын катышуучусу болуп калат.
Биринчи автоунаа чемпионаттын биринчи айлампасынын жыйынтыгы боюнча ойнотулат, ал эми экинчи автоунаа сезондун соңунда өз ээсин табат. Акция дагы эле уланууда, ошондуктан Жогорку Лиганын бардык күйөрмандары ойнотулушка катышып, башкы байгени утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Спортту жана коомдук мааниси бар демилгелерди колдоо Chevrolet менен Tulpar Motors компанияларынын негизги багыттарынын бири бойдон калууда. Компаниялар миңдеген күйөрмандарды бириктирген, өлкөдөгү футболдун өнүгүшүнө салым кошкон жана спорттук иш-чараларды дагы да кызыктуу кылган долбоорлорго сыймыктануу менен катышып келет.
Chevrolet улуттук курама команданы колдоп, беттештерге келген бардык күйөрмандарга ыраазычылык билдирет. Алдыда дагы кызыктуу оюндар, унутулгус эмоциялар жана эки жаңы Chevrolet автоунаасынын биринин ээси болуу мүмкүнчүлүгү күтүп турат.