Баары Chevrolet жөнүндө
Кардарларды тейлөө кызматы
Биринчи эл аралык энергетикалык технологиялар жана инфраструктура көргөзмөсү EnergyExpo Kyrgyzstan – ШКУ 2026 алдыңкы чечимдерди көрсөтүү жана ишкердик байланыштарды чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болду. Иш-чаранын стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири катары Chevrolet Kyrgyzstan компаниясы катышып, ата мекендик автомобилдик өнөр жайдагы жетишкендиктерин көрсөттү.
Компаниянын стендинде коноктор Tulpar Motorsтун Кыргызстандагы өндүрүш аянтчасында чыгарылган автоунаалардын моделдик катмары менен тааныша алышты. Көргөзмөгө Chevrolet маркасынын популярдуу моделдери сунушталды.
Көргөзмө алкагында компаниянын адистери конокторго автоунааларды сатып алуу боюнча кеңештерди берип, учурдагы сунуштар жана корпоративдик кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти. Өзгөчө көңүл бизнес өкүлдөрү жана мамлекеттик уюмдар менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө бурулду.
Иш-чарага катышуучулар ошондой эле ишкананын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү, локализацияны өнүктүрүү келечеги жана Tulpar Motorsтун Кыргызстандагы өнөр жайды өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу кеңири маалымат алышты. Компания жаңы жумуш орундарын түзүп, өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүү менен ата мекендик автотармакты активдүү өнүктүрүүнү улантууда.
EnergyExpo Kyrgyzstan – ШКУ 2026 көргөзмөсүнө катышуу Chevrolet үчүн ата мекендик өндүрүштөгү автоунаалардын сапатын көрсөтүү жана Кыргызстандын автоунаа тармагындагы негизги оюнчулардын бири катары өзүнүн статусун дагы бир жолу тастыктоо мүмкүнчүлүгү болду.
Chevrolet Kyrgyzstan жана Tulpar Motors көргөзмөнү уюштуруучуларга, өнөктөштөргө жана стендге келген бардык конокторго кызыгуу үчүн ыраазычылык билдирет. Компания мындан ары да өлкөдөгү ири тармактык иш-чараларга катышып, заманбап автоунаа чечимдерин сунуштап, кардарлар жана бизнес коомчулугу менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантат.