«Биримдик кербени» Кыргызстандын аймактарын бириктирген сапарын баштады

«Биримдик кербени» Баткен облусунан жолго чыкты | Официальный дистрибьютор Chevrolet в Кыргызстане
«Биримдик кербени» Кыргызстандын аймактарын бириктирген сапарын баштады

Баткен облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган «Биримдик кербени» маданий-руханий акциясынын расмий ачылышы болуп өттү. Бул демилге элдин биримдигин, улуттук каада-салттарды урматтоону жана Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасына аяр мамиле жасоону даңазалайт.

«Биримдик кербени» өлкөнүн бардык аймактарын камтыган сапарын баштап, улуттук баалуулуктарды, маданий мурастарды жана руханий биримдикти чыңдоо идеясын алып жүрөт. Кербен муундардын уланмалуулугунун, тарыхка болгон урматтын жана улуттук салттарды сактоонун маанилүүлүгүн даңазалайт.

Кербендин ар бир аялдамасы ынтымактын, өз ара сый-урматтын жана мекенге болгон сүйүүнүн символу болуп саналат. «Биримдик кербени» ата-бабалардан калган бай мурастарды сактап, аны кийинки муундарга жеткирүүгө болгон умтулууну чагылдырат.

Chevrolet Кыргызстан үчүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий транспорттук өнөктөшү болуу чоң сыймык. Ата мекендик автоунаа өндүрүүчү катары биз өлкөнүн биримдигин чыңдоого, маданий мурастарын сактоого жана улуттук баалуулуктарды даңазалоого багытталган долбоорлорду колдоого мүмкүнчүлүк алгандыгыбызга сыймыктанабыз.

Биз бул маанилүү иш-чаранын бир бөлүгү болгонубузга кубанычтабыз жана кыргызстандыктарды бириктирген, тарыхыбыз менен салттарыбызды сактоого өбөлгө түзгөн демилгелерди колдоону улантабыз. Баткен облусунан башталган «Биримдик кербени» өлкөбүздүн тынчтыгынын, биримдигинин жана гүлдөп-өсүшүнүн символу болсун!