Баары Chevrolet жөнүндө
Кардарларды тейлөө кызматы
Red Petroleum × Chevrolet «Кыялга карай жол!» биргелешкен акциясынын жыйынтыктоочу, алтынчы этабы аяктады. Жыйынтыктоочу этаптын алкагында натыйжалар чыгарылып, акыркы, алтынчы Chevrolet Tracker унаасынын ээси аныкталды. Утуш ойнотуу түз эфирде өтүп, процесстин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылды.
Аталган акция Chevrolet брендинин катышуусу менен ишке ашырылып, кардарлардын ишенимин жана берилгендигин жогорулатууга, ошондой эле авто сүйүүчүлөр үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган болчу. Бардык этаптарда катышуучулар Red Petroleum май куюучу жайларында күйүүчү май куюп, RedPay кызматын колдонуп жана Chevrolet унааларын расмий дилердик борборлордон сатып алуу аркылуу акцияга катышышты.
Жыйынтыктоочу этап өлкө боюнча кардарлардын активдүү катышуусу менен өттү. Бүт акциянын жүрүшүндө көрсөткөн кызыгуусу жана активдүүлүгү үчүн бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз. Кыялындагы байгелердин ээси болгон жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз.
Жыйынтыктоочу этаптын жеңүүчүлөрүнүн толук тизмеси менен Red Petroleum компаниясынын расмий сайтынан таанышууга болот: https://redpetroleum.kg/pobediteli-vi-jetapa-akcii-put-k-mechte. Түз эфирге кошула албай калган катышуучулар үчүн утуш ойнотуунун видеожазуусу компаниянын расмий YouTube-каналында жеткиликтүү.
«Кыялга карай жол!» акциясы аяктады — алты Chevrolet Tracker унаасынын баары жана 500дөн ашык күйүүчү май карталары өз ээлерин тапты. Бардык этаптардын жүрүшүндө көрсөткөн ишеними жана активдүүлүгү үчүн ар бир катышуучуга ыраазычылык билдиребиз.
Chevrolet жана Red Petroleum «Кыялга карай жол!» акциясынын жүрүшүндө бизге кошулган бардык адамдарга ыраазычылык билдиребиз. Жаңылыктарыбызга көз салып туруңуздар — алдыда жаңы сунуштар жана мүмкүнчүлүктөр күтүп турат: https://chevrolet-motors.kg/specials/10