Баары Chevrolet жөнүндө
Кардарларды тейлөө кызматы
«Биримдик кербени» Манас атабыздын ысымы жана кыргыз элинин улуу тарыхый мурасы менен тыгыз байланышкан Талас облусуна жетти. Таласка келүү өлкөнүн аймактарын маданий салттарды сактоо жана элдин биримдигин бекемдөө идеясы менен бириктирген сапардын кезектеги этабы болду.
Талас кербендин катышуучуларын кооз жаратылышы, кең өрөөндөрү жана меймандостугу менен тосуп алды. Бул жерде тарыхый эс тутум, баатырдык салттар жана муундан-муунга өтүп келе жаткан руханий баалуулуктар аяр сакталат.
Талас облусу аркылуу өтүү долбоор үчүн өзгөчө символикалык мааниге ээ. Манас атабыздын жери Кыргызстандын жалпы тарыхын жана элдин түпкү тамырын эске салып, муундар байланышынын жана улуттук мураска болгон урматтын маанилүүлүгүн баса белгилейт.
Chevrolet Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий транспорттук өнөктөшү катары «Биримдик кербенин» коштоп келе жатат. Өлкөнүн аймактарын бириктирип, алардын маданий жана тарыхый байлыгын тааныткан бул сапардын бир бөлүгү болуу компания үчүн чоң сыймык.
Алдыда — Чүй облусу. «Биримдик кербени» элдин биримдигин жана жалпы мураска аяр мамиле жасоо идеясын даңазалап, өз жолун улантууда.