Баары Chevrolet жөнүндө
Кардарларды тейлөө кызматы
Кыргыз профессионалдык футбол лигасы менен Tulpar Motors компаниясынын Жогорку Лиганын күйөрмандары арасында эки жаңы автоунааны ойнотуу долбоорунун алкагында биринчи автоунаанын ээси аныкталды. Кыялдардын чындап эле орундала турганын биринчи болуп далилдеген жеңүүчүнү чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Эске салсак, акцияга катышуу үчүн күйөрмандар Жогорку Лиганын каалаган матчынын билетин сатып алып, аны RedPay мобилдик тиркемесинде каттоосу керек. Каттоодон өткөндөн кийин билет автоматтык түрдө Chevrolet автоунаасы ойнотулуучу акциянын катышуучусу болуп калат.
Биринчи автоунаа чемпионаттын биринчи айлампасынын жыйынтыгы боюнча ойнотулду, демек катышуучуларды алдыда дагы маанилүү этап — сезондун аягында өткөрүлүүчү экинчи автоунаанын утушу күтүп турат.
Акция уланууда, ошондуктан Жогорку Лиганын бардык күйөрмандарында экинчи автоунаанын утушуна катышып, ага ээ болуу мүмкүнчүлүгү дагы эле бар. Ал үчүн матчтардын билеттерин сатып алып, аларды RedPay тиркемесинде каттап, сүйүктүү командаңды стадиондо колдоону улантса жетиштүү.
Ата мекендик футболду колдоо жана күйөрмандар үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү Chevrolet, Tulpar Motors жана Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын биргелешкен ишинин маанилүү багыты бойдон калууда.
Chevrolet жана Tulpar Motors акциянын бардык катышуучуларына активдүүлүгү жана ишеними үчүн ыраазычылык билдирет жана Жогорку Лиганын бардык күйөрмандарын мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого чакырат — кийинки автоунаа сезондун жыйынтыгы боюнча өз ээсин табат.