Баары Chevrolet жөнүндө
Кардарларды тейлөө кызматы
Нарын — асман жерге жакындап, ар бир жол тоолордун арасынан тарыхка жетелеген аймак. Дал ушул жерде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган ири маданий-руханий «Биримдик кербени» долбоорунун кезектеги этабы өттү.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен өнөктөштүктүн алкагында Chevrolet унааларынан турган кербен Нарын облусунун кең өрөөндөрүн, бийик ашууларын жана көз жоосун алган жолдорун аралап, бүткүл маршруттун эң татаал жана эң кооз бөлүктөрүнүн бирин басып өттү.
Бул жөн гана сапар эмес — аймактарды бириктирип, тарыхыбызды, салттарыбызды жана жалпы баалуулуктарыбызды даңазалаган улуу жол. Басып өтүлгөн ар бир ашуу муундардын уланмалуулугунун, туруктуулуктун жана ата-журтка болгон урмат-сыйдын символуна айланууда.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий транспорттук өнөктөшү катары Chevrolet Кыргызстан кербендин Нарын облусундагы бийик тоолуу жана татаал рельефтүү, географиялык жактан эң оор участкаларынын биринде ишенимдүүлүгүн жана мобилдүүлүгүн камсыздады.
Компания үчүн кылымдар бою көчмөн маданиятынын жана кыргыз элинин салттарынын жүрөгү бойдон калып келе жаткан Нарындын улуу көрүнүштөрү аркылуу «Биримдик кербенин» коштоп өтүү чоң сыймык.
Кербен биримдикти көздөй сапарын улантып, Нарындын көз жоосун алган кеңдиктерин артка калтырып, өлкөнүн кийинки аймактарына жакындап барат.