Ата мекендик бренддер Көчмөндөр оюндарына арналган өзгөчө коллаборация үчүн биригишти

Chevrolet Кыргызстан жана Baira VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган биргелешкен коллекцияны тартуулайт | Официальный дистрибьютор Chevrolet в Кыргызстане
Ата мекендик бренддер Көчмөндөр оюндарына арналган өзгөчө коллаборация үчүн биригишти

Ата мекендик өндүрүүчүлөр Chevrolet Кыргызстан жана Baira VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган атайын кийим коллекциясын даярдоо үчүн күч-аракеттерин бириктиришти. Жакында коллекция кеңири коомчулукка тартууланат.

Коллаборация өзүндө улуттук мурасты, заманбап стилди жана кыймылды айкалыштырат — бул баалуулуктар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын да, эки бренддин философиясынын да негизинде жатат. Биргелешкен коллекцияны түзүү Chevrolet Кыргызстандын аймактагы эң ири эл аралык иш-чаралардын бири менен өнөктөштүгүнүн символдук уландысы болду.

Chevrolet Кыргызстан үчүн бул долбоор — ата мекендик өндүрүштүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу баса белгилөөгө жана жергиликтүү бренддердин кызматташтыгы сапат жана стилдин эң жогорку стандарттарына татыктуу продуктуларды жарата алаарын көрсөтүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк.

Baira өз кезегинде коллаборацияга кыргыз элинин маданий мурасынан шыктанган заманбап моданын көз карашын алып келип, салттарды жана учурдагы тенденцияларды бирдиктүү концепцияда айкалыштырат.

Мындай демилгелер ата мекендик компаниялардын бири-бирин колдоого жана улуттук өзгөчөлүктү бекемдеп, Кыргызстандын маданий мурасын жаңы деңгээлге алып чыга турган долбоорлор үстүндө биргелешип иштөөгө умтулуусун чагылдырат.

Жаңылыктарыбызга көз салып туруңуздар — жакында биз VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына атайын даярдалган коллекцияны тартуулайбыз!