Tulpar Motorsтун Мурабахасы — Chevroletти исламдык автокредиттөө
Тулпар Моторс "Элдик Банк" ААКсы менен биргеликте "Мурабаха Тулпар Моторс" жаңы каржылоо программасын ишке киргизүүдө — бул Кыргызстандагы заводдо жыйналган, жергиликтүү өндүрүштүн Chevrolet автомобилдерин сатып алуучуларды колдоо үчүн иштелип чыккан, Кыргызстандагы исламдык автокредиттөөнүн биринчи долбоору.
Мурабаха деген эмне?
Мурабаха — бул исламдык каржылоонун бир түрү, мында банк кардардын өтүнүчү боюнча автомобиль сатып алат жана аны кардар менен алдын ала макулдашылган кошмо баада, пайыз кошпой кайра сатат.
Бул Шариаттын принциптерине толугу менен шайкеш келген, ачык-айкын жана этикалык каржылоонун формасы.
Программанын артыкчылыктары:
- Пайыздар (риба) жок - болгону ачык-айкын соодадагы кошмо баа.
- Ислам принциптерине ылайык келет.
- Төлөөнүн ийкемдүү шарттары.
- Банктын автомобилди анык сатып алуусу — Мурабаха жол-жобосунун толук сакталышы.
- Жергиликтүү автоөнөр жайды мамлекеттик колдоо.
Негизги шарттар:
- Валюта: Кыргыз Республикасынын сому
- Каржылоонун мөөнөтү: 60 айга чейин
- Баштапкы төгүм: 20%дан баштап
- Чен (кошмо баа): орточо эсеп менен жылдык 8%га барабар
- Каржылоонун суммасы:
- Жеке жактар үчүн — 5 000 000 сомго чейин
- Уюмдар үчүн — 300 000 000 сомго чейин
- Күрөө: сатып алынуучу автомобиль
- Камсыздандыруу: милдеттүү түрдө каржылоонун бүткүл мөөнөтүнө
- Каржылоо ата мекендик Tulpar Motors өндүрүшүнүн автомобилдерине гана берилет
Кимдер пайдалана алат:
- Жеке жактар
- Жеке ишкерлер
- Юридикалык жактар
- Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
Бул кандай иштейт
- Кардар Кыргызстанда кураштырылган Chevrolet автомобилин тандайт.
- Банк автомобилди Tulpar Motors”тон сатып алат.
- Банк автомобилди кардарга алдын ала макулдашылган кошмо баа менен сатат.
- Кардар автомобилдин наркын 5 жылга чейин бөлүп төлөйт.
Бул сунуш ата мекендик автоөнөр жайын өнүктүрүүгө этикалык жана ачык-айкын каржылоону тандап жаткан кыргызстандык жарандарды колдоого карай кадам.