Кепилдик фонд — баштапкы төгүмсүз Chevrolet сатып алуу

Кепилдик фонд — баштапкы төгүмсүз Chevrolet сатып алуу

Жылдык 8% менен жеңилдетилген автокредиттөө программасынын алкагындагы шарттарда маанилүү өзгөрүү болду. Мурда кредитти тариздөө үчүн 20% өлчөмдөгү милдеттүү баштапкы төгүм талап кылынчу. Эми автомобилди "Кепилдик фонду" ААКсынын кепилдиги менен баштапкы төгүмсүз эле сатып алууга болот.

"Кепилдик фонду" ААКдан кепилдик деген эмне?

Баштапкы төгүм жок же жетишсиз болгон учурда, "Унаа" программасы боюнча карыз алуучуларга "Кепилдик фонду" ААКсы тарабынан каржылоо боюнча кепилдик түрүндө колдоо көрсөтүлүшү мүмкүн.

Программанын шарттарына ылайык, кардар "Кепилдик фонду" ААКдан баштапкы төгүмдү алмаштырган, автомобилдин наркынын 30% чейинки суммага кепилдик ала алат.

Кимдер кепилдик ала алышат?

Кепилдик сый акы

"Унаа" программасы боюнча мамлекеттик кепилдиги бар автокредитти тариздөөдө кардар кепилдик сый акы төлөйт – бул "Кепилдик фонду" ААКсы тарабынан берилген кепилдик үчүн милдеттүү төлөм, ал баштапкы төгүмдү алмаштырат. Сый акынын өлчөмү берилген кепилдиктин суммасынын 2%ын түзөт жана кредит алынган күнү бир жолу төлөнөт. Каражаттар түздөн-түз Кепилдик фонддун эсебине которулат.

Эгерде кепилдик сый акы толук жана өз убагында төлөнбөсө, келишим "Унаа" системасында катталууга жатпайт жана мамлекеттик колдоо менен кредит берүү мүмкүн болбой калат.

Каржылоо суммасы:

«Унаа» программасы боюнча кепилдик алуу процесси:

  1. Банкка (Элдик банк же Айыл банк) кайрылып, автокредитке өтүнмө бериңиз.
  2. Эгерде Сизде баштапкы төгүмгө (20%) каражат жок же жетишсиз болсо, банк "Кепилдик фонду" ААКсынан автомобилдин наркынын 30% га чейинки кепилдикти тариздөөнү сунуштайт.
  3. Өтүнмө жактырылса, Сиз кепилдик сый акыны (кепилдиктин суммасынан 2%) төлөп, келишимге кол коёсуз.
  4. Келишим «Унаа» системасына катталгандан кийин, Сиз автомобилди жеңилдетилген шарттарда аласыз.

Кайсы автомобилдерге колдонулат?

«Кепилдик фонду» ААКсынын кепилдиги Chevroletтин бардык жүк ташуучу жана жеңил автомобилдеринин моделдерине колдонулат: